Окуялар
Бишкекте эки унаа кагышып, айдоочулары көз жумду

Шаардык милициянын маалыматы боюнча, жол кырсыгы түнкү саат 02:00 чамасында ШЩербаков жана Сеченов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Kia К5 үлгүсүндөгү машинаны 36, Mercedes-Benz автоунаасын 35 жаштагы кишилер башкарып бараткан. Айдоочулар кырсык болгон жерде каза болушкан.
Эки машинадагы 3 жүргүнчү жаракат алып, Улутук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.



