Коом
Мамлекеттик жана саясий ишмери Мыктыбек Абдылдаев дүйнөдөн кайтты

73 жашында Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери Мыктыбек Абдылдаев көз жумду.
Жакындарынын айтымында, бүгүн анын абалы кафеде отурган жеринен начарлап кеткен. Дарыгерлердин аракетине карабастан, аны сактап калуу мүмкүн болгон эмес.
Мыктыбек Абдылдаев башкы прокурор, ички иштер министри, президенттик администрациянын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты жана төрагасы кызматтарын аркалаган.



