УКМК мекендештерди Улуу жеңиш майрамы менен куттуктады
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеништин 77 жылдыгы менен куттуктайбыз. Миллиондогон жана миллиондогон адамдардын өмүрү, талыкпай жасаган каарман эмгеги, жалпы эл-журтубуздун жакшылык эңсеген тилеги аркылуу келген бул тынчтык күн Жениши ар бирибиздин тагдырыбызга терең из калтырып, тарыхка түбөлүк өчкүс болуп жазылган.
Каарман аталарыбыздын жана энелерибиздин, агаларыбыз менен эжелерибиздин, бардык боордош ак дилдүү адамдардын келечек үчүн, урпактар бак-талаайы үчүн жасаган бул улуу тилек салтанаты бизди көп нерсеге милдеттендирет. Улуу муундагылардын ушундай жашоо идеалына ар качан татыктуу бололу!
Бардыгыңыздарды Улуу Жениш күнүндө чын жүрөктөн куттуктап, аманчылык, ден соолук, асманыбыз ачык болуп, өлкө бакыбатчылыгынан үзүр табышыныздарга тилектешпиз.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитети.



