Коом

Мэрия Бишкекте эки чоң көпүрө курууну пландоодо

Мэрия Бишкекте 151,8 миллион сомго эки көпүрө курууну пландап жатканын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, көпүрө салууга мэриянын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы тендер жарыялаган.

Биринчиси — шаардын чыгыш бөлүгүндөгү Чоң Чүй каналына Шүкүров көчөсү менен Медеровго чыккан көпүрө. Ага 23 миллион 164 миң каралган. Ишти 30-ноябрга чейин бүтүрүү керектиги белгилүү болду.

Экинчиси — Жибек Жолу проспекти менен Аламүдүн суусу аркылуу өтчү көпүрө. Ага 128 миллион 687 миң сом мерчемделип, ишти жылдын соңуна чейин тапшыруу керектиги айтылды.

Ал эми документтерди 11-июнга чейин тапшыруу зарыл.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button