Коом

Бишкектин 8 жаңы конушунда газга туташтыруу иштери жүрүүдө

Бишкектин 8 жаңы конушунда жана Товарная көчөсүндө газдаштыруу боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, газ түтүктөрүн куруунун жалпы пландалган узундугу 58,5 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө «Ала-Арча», «Ак-Тилек», «Ак-Тилек-Турбаза», «Ак-Тилек-2», «Бакай-Ата», «Төкөлдөш» конуштарында курулуш иштери, ал эми «Попеновка», «Жогорку Көк-Жар» конуштарында жана Товарная көчөсүндө даярдоо иштери жүрүп жатат.

Учурда газдаштырылган конуштардагы үйлөрдү жаратылыш газына кошуу иштери улантылууда. Бүгүнкү күндө 18 миң 558 турак жай газдаштырууга кошулду. Шаар боюнча 2023-жылдын башынан бери газ тармагына кошулган жаңы абоненттердин саны 5542 бирдикти түздү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button