Коом

Шылуундардын курмандыгы болуп калуудан кантип сактануу керек


ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы социалдык тармактарда шылуундар менен күрөшүүнүн жолдору менен бөлүштү.

Мессенджерлерде жана социалдык тармактарда төмөнкүдөй билдирүү менен шилтеме таркатылууда:

«ПРЕЗИДЕНТ SADYR JAPAROV 20 000 SOM ROSTMAS АКЧА ГРАНТТЫ ҮЧҮН KYRGYZSTAN…» жана шилтеме аркылуу өтүү сунушталат.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы эскертет: Кыргыз Республикасынын Президенти жана мамлекеттик органдар акчалай «гранттарды» же «белектерди» сайттар, шилтемелер, WhatsApp, Telegram же социалдык тармактар аркылуу таратпайт.

Мындай билдирүүлөрдүн максаты — жарандардын жеке маалыматтарын, аккаунттарына же банктык карталарына мыйзамсыз жетүү.

️Маанилүү маалымат:
• мындай шилтемелерге өтпөңүз;
• ЖАКН (ИИН), паспорттук маалыматтарды, банктык карта номерлерин жана SMS-коддорду киргизбеңиз;
• «мен алып койдум», «шашылыш», «бир гана бүгүн» деген сөздөр — алдамчылыктын классикалык белгилери;
• маалыматты расмий булактардан гана текшериңиз.

Эгерде сиз шилтеме аркылуу өтүп же жеке маалыматтарыңызды киргизип койсоңуз — дароо укук коргоо органдарына кайрылыңыз, 102 номерине чалыңыз.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды сактаңыз. Шылуундар жарандардын ишенимине таянып иш алып барышат.

Тектеш кабарлар

Back to top button