Коом

Бишкекте троллейбус айдоочулары иш таштады

Жүргүнчүлөр троллейбустар линияда жүргөнү менен аялдамаларга токтобой жатканын айтышууда. Ал эми айдоочулардын жарымы такыр эле жумушка чыккан эмес.  

Алар айлыкты 70 миң сомго чейин жогорулатууну талап кылууда. Учурда маяна орто эсеп менен 22 миң сомду түзөт. “Бишкек троллейбус башкармалыгы” айлыкты 50 миң сомго чейин көтөрүүгө даяр экенин айткан. Айдоочулар салыктарды эске алганда колго 40 миң сом тиерин, мындай сунушка макул эместигин айтышууда. 

@user2

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button