Дүйнө

Париждеги Олимпиадада трансгендердин кыз-келиндер арасындагы мелдешке катышкандыгынан улам чоң чыр чыкты

Алжирлик трансгендер, боксчу Иман Хелиф италиялык атаандашын 46 секундда утуп алган.

Италиялык боксчу Анжелина Карини 1/8 финалдагы беттештен кийин оюндан чыгып кеткен. Кыз буга чейин мындай катуу муш жебегенин айтып, жеңүүчү айтылганда атаандашынын колун кысуудан баш тарткан. Андан соң ызасына чыдабай рингдин ортосунда чөгөлөй калып, ыйлап жиберген. 

Дүйнө жүзү боюнча көрүүчүлөр Эл аралык олимпиада комитети Хелифти кыз-келиндер арасындагы оюнга кошуп койгонуна таң калышууда. Себеби ал өткөн жылы гендердик тесттен өтпөй калган. Анда Хелифтин организминде XY-хромосу менен тестостерон гормону көп өлчөмдө экени аныкталган. 

Бул окуяны Италиянын премьери да сындап, боксчулар башынан эле тең эмес экенин айткан. Сербиянын президенти муну “эркектер аялды сабап, медаль алып жаткан” акылга сыйгыс нерсе деп атаган. 

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button