Коом

«Карыз көбөйдү» дегендерге — сандар менен жооп 

Журналист Адилет Айтикеев фейсбуктагы баракчасына бир катар өлкөлөр менен Кыргызстандын мамлекеттик жана тышкы карызы боюнча салыштырмалуу маалыматтарды жарыялады.

Скриншоттор менен берилген статистикага ылайык, Кыргызстандын тышкы карызы 2024-жылга карата ички дүң өнүмдүн 25,7% түзгөн. Жалпы мамлекеттик карыз – 37,5%. Бул көрсөткүчтөр Өзбекстан (55,7%) жана Казакстан (60%) сыяктуу өлкөлөргө караганда кыйла төмөн экенин көрсөтүп турат.

Журналист айрым адамдардын “карыз көбөйдү” деген сындарына жооп иретинде далилдүү маалымат менен жооп берди.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button