Коом

УКМК: Билим берүү борборунун биринде окуучуларга, кароолчуга кол салган кылмыштуу топ мүчөсү кармалды — Видео

Уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттеринин көрүнүштөрүнө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде каттоодо турган, КР УКМК бир топ адамдар тарабынан кол салуу жана ур-токмокко алуу фактысы боюнча, бокс боюнча машыктыруучу Б.Б.Ш. аттуу КР жаранды кармады, ал 2025-жылдын 7-июлунда Балыкчы шаарындагы «Грин Сити» борбордук билим берүү мекемесинин аймагында бокс боюнча эл аралык турнирдин жүрүшүндө жашы жете элек окуучулары: Д.Д., К.У.Т., А.Т.А., С.А.Т., Т.И.А. аттуу окуучулары менен бирге борбордук билим берүү мекемесинин күзөтчүсүнө кол салып, аны сабап, денесине оор залал келтирген.

Такталгандай, жабырлануучу буга чейин РИИБге арыз менен кайрылганын, бирок милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамдуу жооп болбогондугун билдирген.

Азыркы учурда, КР УКМК тарабынан кылмыш ишин козголуп, Б.Б.Ш., Д.Д., К.У.Т., А.Т.А., С.А.Т. жана Т.И.А. кармалып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button