Коом

ВИДЕО: Россия-Украина ортосундагы жаӊжалга пикирин билдирип чыккан активисттерди милиция таратты

Бүгүн, 2-апрелде Бишкектеги М.Горький паркында Россия-Украина ортосундагы жаӊжалга пикирин айтып, Россияны колдоп активисттер митингге чыкты. Алар, колдоруна “Орустар менен кыргыздар түбөлүк достор”, “Биз жаӊжалга аралашпайбыз, бирок Россияны дайым колдойбуз” деген плакаттарын жазып алышкан.

Активисттер чогулуп, андан ары Россиянын элчилигинин имаратына барууга камынып жатканда, милиция кызматкерлери келип, аларды тарап кетүүнү талап кылды.

Эскерте кетсек, Бишкек мэриясы шаардын аймагында митингдерди өткөрүүгө чектөө койгон. Милициянын талабынан кийин, митингге чогулгандар тарап кетишти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button