Коом

УКМК кызматкерлери Бишкек ШИИБнын Патрулдук милиция башкармалыгына профилактикалык иш-чара өткөрдү

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын 29-февралында УКМК тарабынан Бишкек шаарынын ШИИБнын Патрулдук милиция башкармалыгынын аянтында, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча УКМК органдарынын жүргүзүп жаткан иш-аракеттери, ошондой эле Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан  акча каражаттарын алуу жана опузалап талап кылуу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттердин  алдын алуу жана бөгөт коюу тематикасында жалпы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чарага аппараттын өздүк курамы, полк жана Патрулдук милиция башкармалыгынын жетектөөчү курамы катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө өздүк курамдын алдында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга тиешеси бар инспекторлордун ысымдары аталып, алар УКМКга жеткирилди. Аталган кызматкерлерге карата мыйзам чегинде процесстик мүнөздөгү чаралар көрүлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button