Коом

Өлкөдө күчөп жаткан респиратордук вирустук инфекциялардан кантип сактансак болот?

Кыргызстанда курч алып жаткан респиратордук вирустук инфекциялардын сезондук өсүшүнө байланыштуу, балдардын жана чоңдордун ден соолугун сактоо үчүн жөнөкөй жана далилденген чараларды көрүү зарыл.

Балдарга кеминде 8-9 саат уктоо, ар түрдүү тамактануу жана үзгүлтүксүз физикалык активдүүлүк керек.

Окуу аралыктан жүргүзүлүп жатканда, оорулуу адамдар менен байланышты азайтуу маанилүү.

Сунуштар:

— эл көп топтолгон жерлерге баруудан алыс болуңуз;
— эгерде сизде курч респиратордук вирустук инфекциянын белгилери байкалса, үйдө болуп, өз алдынча дарыланбастан жергиликтүү дарыгериңизге же үй-бүлөлүк дарыгериңизге кайрылыңыз.

Оору күчөгөн мезгилде үйдөн чыгып баратканда медициналык бет кап кийиңиз, аларды ар бир 2-3 саат сайын же суу болуп калганда алмаштырып туруңуз. Жеке гигиенаны сактаңыз жана колду дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуңуз.

Бөлмөлөрдү күнүнө 3-4 жолу үзгүлтүксүз желдетип, таза абанын болушун камсыз кылыңыз.

Шаардагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу бойдон калууда, бирок көп нерсе биздин жалпы жүрүм-турумубуздан көз каранды. Бул сунуштарды аткаруу балдардын жана чоңдордун ден соолугун коргоого  жардам берет.

Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!

Тектеш кабарлар

Back to top button