Коом
Ош шаардык клиникалык ооруканасында Органдарды трансплантациялоо борбору уюштурулат

Ооруканада акыркы технология менен жабдылган операция бөлмөлөрү, лаборатория бар. Ошондой эле окутуудан өткөн тажрыйбалуу хирургдар, анестезиолог, реаниматолог жана башка адистер даяр экени айтылды.
«Борбордун ачылышы Саламаттык сактоо министрлигинин өлкөдө трансплантацияны өнүктүрүү жана бейтаптарды чет өлкөгө дарыланууга жөнөтүү зарылдыгын азайтуу боюнча кеңири стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат«, — деген Алымкадыр Бейшеналиев.



