Коом

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөт

Эртең, 24-августта Бишкек шаарынын айрым бөлүктөрүндө таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ичүүчү суу саат 10:00 -16:00 чейин курулуп жаткан резиденциянын түштүк тарабынан Эркин-Тоо, Абдрахманов, Восточная көчөлөрүндө, анын ичинде мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо, өндүрүш мекемелеринде токтотулат.

Сууну өчүрүү иштери шаардык суу тармактарындагы профилактикалык жана оңдоо иштерине байланыштуу жүрүүдө.

«Бишкексууканал» башкармалыгы жашоочулар менен мекемелерге алдын ала суу камдап алууну эскертет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button