Кыргызстанда дагы 215 адамдан COVID-19 табылып, алты бейтап каза болду

Кыргызстанда 28-августка карата коронавирус дагы 215 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде
Бишкек шаарында – 66,
Ош шаарында – 2,
Чүй облусунда – 53,
Ош облусунда – 3,
Талас облусунда – 14,
Нарын облусунда – 4,
Ысык-Көл облусунда – 38,
Жалал-Абад облусунда – 22,
Баткен облусунда — 13 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 371 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча алты бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 169 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 333 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 224 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 168 миң 769 киши айыгып чыкса, 2 миң 513 адам каза болду.



