Садыр Жапаров шайлоо тилкесинде добуш берди

Президент №1046 шайлоо участогуна барган. Жапаров анда өлкөдөгү шайлоо системасы кыйла оңолуп калганын айтты.
«Биз шайлоо системасын автоматташтырдык. Мында добуштарды санай турган адам фактору жок. Шайлоо аяктагандан кийин жыйынтыгы 20-30 мүнөттө республика боюнча чыгып калат. Шайланган депутаттар беш жыл бою аймактын маселесин чечет. Жергиликтүү бюджетти ошолор карайт, башкарат. Коррупционерди, добуш сатып алганды шайласа, анда жергиликтүү бюджет уурдалат. Биз башкаруу системасын өзгөрттүк, реформаладык, азыр таза иштеген татыктуу жарандарды тандоо маанилүү», – деди Жапаров.
Мамлекет башчы жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырды.
Эскерте кетсек, бүгүн Кыргызстанда 33 шаардык жана 231 айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо өтүүдө.



