Кичи-футбол боюнча мелдеш, тергөө кызматынын уюшулган күнүнө карата өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын ИИМдин тергөө кызматынын түзүлгөндүгүнүн 61 жылдыгына карата, 5-апрель күнү Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында кичи-футбол боюнча кызыктуу мелдеш болуп өттү.

Спорттук мелдеш облустук милициянын жетекчилигинин активдүү колдоосу менен уюштурулуп, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн командаларынын башын бириктирди.
«Динамо» спорт комплексинин аянтчасында өткөрүлгөн мелдеш майрамдык маанайды гана тартуулабастан, катышуучулар үчүн спорттук туруктуулукту жана жолдоштук атандаштыкты көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болуп берди.
Кызыктуу финалдык беттеште Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын командасы жогорку деңгээлдеги даярдыкты жана чеберчиликти көрсөтө алышты. Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн командасын жеңип, татыктуу 1-орунга ээ болушту. Алардын ишенимдүү оюну жана эрктүүлүгү мелдешке катышкандардын баарын шыктандырды.

Ал эми, үчүнчү орунга болгон күрөштө, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрүнүн командасы айыгышкан күрөштө Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүнөн келген кесиптештерин жеңишип, байгелүү орунга татыктуу боло алышты.
Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын тергөө иштери боюнча орун басары Азамат Савыралиев кесиптештерин кесиптик майрамы менен куттуктап, мелдештин бардык катышуучуларына өздөрүнүн тандап алган жоопту кесибине берилгендиги, өжөрлүгү жана кесипкөйлүгү үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Анын айтымында, мындай спорттук иш-чаралар өздүк курам арасында жакшы маанайды гана көтөрбөстөн, ички иштер бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын ортосундагы достук байланышты чыңдай турганын баса белгиледи.

Өткөрүлгөн кичи-футбол боюнча мелдеш, облустук милициянын турмушундагы жаркын окуя гана болбостон, ынтымак, достук жана спорттук чеберчилик бардык укук коргоо кызматкерлери үчүн маанилүү баалуулук болуп кала берээринин дагы бир далили болуп калды.



