Окуялар

Москва шаарында жеңил унаада жарылуу болуп генерал-лейтенант каза болду

Москва шаарында жеңил унаада жарылуу болуп, анын кесепетинен оор жаракат алган Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын оперативдик даярдык башкармалыгынын башчысы, генерал Фанил Сарваров каза тапты.

Россиянын Тергөө комитетинин расмий өкүлү Светлана Петренконун маалыматына караганда, 22-декабрдын таңында Москвадагы Ясеневая көчөсүндө автоунаанын түбүнө орнотулган жардыруучу түзүлүш ишке киргизилген. Алган жаракаттарынан РФ Куралдуу күчтөрүнүн Генштабынын оперативдик даярдык башкармалыгынын башчысы, генерал-лейтенант Фанил Сарваров каза болгон.

Тергөө комитети бул факты боюнча коомчулукка коркунуч туудурган ыкма менен адам өлтүрүү жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

«Тергөө тарабынан адам өлтүрүүнүн ар кандай версиялары каралууда. Алардын бири — кылмышты Украинанын атайын кызматтары уюштурган болушу мүмкүн деген версия», — деп айтылат комитеттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, Сарваров Чеченстандагы согуштук аракеттерге катышкан, ошондой эле 2015–2016-жылдары Сириядагы операцияны уюштуруу жана өткөрүү боюнча милдеттерди аткарган.

2024-жылдын май айында Россиянын президентинин жарлыгы менен ага генерал-лейтенант аскердик наамы ыйгарылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button