
Туманбаев Region телеканалына берген маегинде «Аманат курулуш инвест» компаниясына эч кандай тиешеси жоктугун айтты.
“Бул 2021-жылы сатып алган компания экен. “Аманат курулушту” мен тандаган эмесмин, аны Мамкурулуштун мурунку жетекчисинен сураш керек. Мамкурулуш тендер өткөргөн, анын негизинде эң арзан бааны көрсөткөндүгү үчүн ошол компания утуп алган. Бирок өзгөчө кырдаал режими учурунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен тендер өткөрүлбөшү керек эле. Тилекке каршы, ушул жерде дагы Мамкурулуш агенттиги тарабынан мыйзам бузулган. Эки жолу бул компания баш тарткан экен, бирок президентке үйлөрдүн сметасын алып келгенде, ал жерде 5 млн 700 миң сом көрсөтүлгөн болчу. Сумма өтө чоң болгондугуна байланыштуу президент жыйын өткөрүп эсептегенде сумма 3 млн 300 миң сомдун тегерегинде чыккан. “Аманат” компаниясы курулушту 33 компанияга бөлүп берип, көзөмөлдөп жатат”, — дейт ал.
Эскерте кетсек, Sputnik Кыргызстан агенттиги Баткендеги кыйраган үйлөрдүн курулуш тууралуу иликт жарыялаган. Анда бузулган үйлөрдү куруу үчүн тендерди «Аманат курулуш инвест» компаниясы утуп чыкканын жана ал белгиленген мөөнөттө үйлөрдү кура албаганы айтылган. Иликтөөдө ошондой эле президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин байланышы тууралуу сөз болот.
Мындан сырткары, материал жарыялангандан кийин башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйын учурунда иликтөөдөгү маалымат боюнча текшерүү жүрөрүн маалымдаган.



