Спорт

Кыргыз хоккейчилери Түштүк Африканын командасын жеңди

Бишкек шаарында хоккей боюнча жаштар командалары арасында дивизион 3В алкагындагы дүйнө чемпионаты уланууда. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерация билдирди.

Экинчи турда Кыргызстандын курама командасы Түштүк Африка Республикасынан келген теңтуштарын 7:2 эсеби менен жеңди.

Буга чейин Гонконг курамасы менен болгон беттеш 4:1 эсеби менен кыргызстандыктардын пайдасына аяктаган.

Чемпиондук наам жана дивизион 3Ага жолдомо үчүн Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг курама командалары күрөшүп жатышат.

Эртең, 21-январда Кыргызстан менен Ирандын курама командалары беттешет.

Тектеш кабарлар

Back to top button