Коом

УКМК: «Кыргыз почтасынын» Жайыл райондук филиалынын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Чүй облусу, Кара-Балта шаары, Кожомбердиев көчөсү №122 дареги боюнча жайгашкан «Кыргыз почтасы» ААКтын Жайыл райондук филиалынын имараты мамлекеттик менчикке кайтарылды.

Алынган маалыматтар боюнча 2005-жылы айрым кызмат адамдары «Кыргыз почтасы» ААКнын административдик имаратын жеке адамга мыйзамсыз менчиктештирүүгө көмөк көрсөтүшкөн.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган имарат ыктыярдуу түрдө Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди. Объекттин сметалык баасы 500 млн сомду түздү.

КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу иштерин улантууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button