Америкалык аял бир жыл аралыгында үч кызды төрөдү

Вашингтон штатынын Стефани Хансен аттуу аял улуу кызы Дафнаны 2020-жылдын 28-январында төрөгөн. Арадан он ай өткөндөн кийин, 2020-жылдын аягында эле 8-декабрда ал аял Руби жана Пенелопа деген кичүү эгиз кызды төрөдү, деп билдирет Today.Parents.
32 жаштагы Стефани жалгыз бой эне. Ал Дафна төрөлө электе эле атасы менен ажырашып кеткен. Стефани биринчи кызын төрөгөндөн кийин эле эгиздердин атасы менен сүйлөшө баштаган. Экинчи күйөөсү менен жолугуша баштагандан кийин тез эле боюна бүтүп калган. Кош бойлуу болгондугун билгенде ал шок болуп, ишенген эместигин айткан.
Акушер-гинеколог Кристин Гривз түшүндүргөндөй, овуляция, башкача айтканда, кайрадан боюна бүтүү мүмкүнчүлүгү, төрөттөн алты жума өткөндөн кийин эле кайтып келиши мүмкүн, ал эми аял бул тууралуу билбей да калат. Стефаниде дал ушундай окуя болгон.
Анын айтымында, балдар арасындагы жаш айырмачылыктын аздыгынан көп чочулаган. Алар менен жалгыз күрөшө алабы, ар бирине көңүл бура алабы ж.б.у.с. ойлорго батып санааркаган. Бирок Стефани эгиздерди үйгө алып келгенде бардык коркуу сезими тарап кетти дейт. Биринчи кызы Дафна ал кезде басканды да үйрөнө элек болчу, бирок ал дароо эле сиңдилерин кучактап, жакшы көргөн.
Азыр Дафна эки жашта, ал эми Руби менен Пенелопа бирден ашты, алар жөн эле ажырагыс, ынтымакта жашашат. Стефанинин айтымында, кыздар баарын чогуу жасашат: тамактанышат, укташат, ваннага түшүшөт, ойношот. Стефани да кичүү кыздарынын атасы менен ажырашып кеткен, бирок алар дос бойдон кала беришкен жана ал кыздарды тарбиялоого жардам берет.
«Бул албетте оңой эмес, бирок мен азыркы жашоомдо болуп көрбөгөндөй бактылуумун. Балдар – мен үчүн эң чоң бакыт», — дейт Стефани.



