Коом

УКМК: Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө аракет жасаган ИИМ кызматкерлери кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.

2025-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын укук коргоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 90 миң АКШ доллары өлчөмүндө накталай акча алып жаткан жеринен Кыргыз Республикасынын жараны Ж.К.Т. кармалган. Ал өзүнүн кылмыштуу шериги, КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери М.А.Ж. менен биргеликте кылмыштын квалификациясын өзгөртүүгө көмөктөшүү шылтоосу менен 180 000 (жүз сексен миң) АКШ доллары өлчөмүндө накталай акча талап кылышкан.

Мындан тышкары, Ж.К.Т. аттуу жаранга таандык унааны тинтүү учурунда скотч менен оролгон кара түстөгү полиэтилен баштык табылып, алынган. Баштыктын ичинен жалпы салмагы 105 грамм болгон баңги заты, гашиш табылган.

Жогорудагы адамдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмышты жасоого шектүү катары кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button