Коом

Президенттин Администрациясы интернетте алтын деп тарап жаткан маалымат боюнча үн катты

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков фейсбук баракчасына интернет социалдык тармактарда алтын куймалары тууралуу тараган видео  боюнча пикирин жазды.  Бул видеону тараткан Асхат Осмоновдун ким экенин ачыктаган экен.

Текст өзгөртүүсүз  берилди:

“Туугандар, эсиңиздерде болсо мындан бир топ убакыт мурда Асхат Осмонов деген активист Райымбек Матраимовдун жазган каты деп фейк маалымат тараткан. Анда, Матраимовдун кол жазмасын окшоштуруп, бийликке акча бергенин кошумчалап элди жалган маалымат менен азгыргысы келген. Андай карасантайлыгы ошол күнү эле билинип, кол жазма Асхат Осмонов тарабынан жасалганы аныкталган.

Бул сапар жасалма алтын куймаларды кагаз коробкага тизип алып монтаждап чыгарыптыр. Жасалма кагаз акчалар, алтын куймаларга окшош оюнчуктар болот. Асхат Осмонов деген шылуун алыста жүрүп зээриксе керек, оюна келген калптарды мезгил-мезгили менен чыгарып турат. Алтын оор болот, куймаларды кагаз коробка кантип көтөрмөк эле?! Анын сабатсыздыгы так ушул жерден билинип калыптыр.

Бул жаран 2020-жылы “Чоң-Казат” кыймылынын курамында болуп, бийликке келүүгө аракет кылган. Максаты ишке ашпаган соң, ар кандай жалган маалыматтарды таратып, кийин Америкага чыгып кеткен. Азыр уктаса-турса бийликтин кетишин кыялданып, бузукулук менен жалган маалыматтарды таратып коюп отурат.

Андыктан мындай чагымчыл фейк маалыматтарга ишенбөөгө чакырабыз. Кумтөрдүн алтыны 1 граммына чейин катуу көзөмөлдө, Улуттук Банкта сакталып турат. Аны коробкага салып ары бери ташыгандай кампадагы картошка эмес да?!…” – деп жазды Дайырбек Орунбеков.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button