Коом

400–500 килограммга чейин эт берет. Нарын облусундагы төө чарбачылыгы

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында жашаган Бото Күрөңкеев Нарын облусунда акырындап азайып, дээрлик унутулуп бараткан төө чарбачылыгы менен алектенет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул кесип алардын үй-бүлөсүндө муундан муунга өтүп келген.

«Атасы 1980-жылдардан бери төө багуу менен алектенип келген, учурда бул ишти уулу Бото Күрөңкеев улантууда. Төө багуу — эмгекти көп талап кылган иш, бирок бул жаныбарлар кыргыз тоолорунун шартына өзгөчө жакшы ыңгайлашкан. Алар 40 күнгө чейин суусуз жүрө алышат, −40 градус суукка жана +50 градус ысыкка чыдамдуу. Мындан тышкары, төөлөр жыл бою эт жана сүт берип, чарба үчүн баалуу мал болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Фермер төө чарбачылыгын өнүктүрүү максатында малды Нарын облусунда гана эмес, башка аймактарга да таратып, алардын санын көбөйтүүдө. Ошондой эле Монголиядан тоолук порододогу төөлөрдү алып келүү пландалууда.

Маалыматка ылайык, чоң эркек төө 400–500 килограммга чейин эт берет. Мындан сырткары, төө жүнүнө да суроо-талап бар. Андан кийим-кече, жууркан-төшөк жана дарылык касиети бар ар кандай буюмдар жасалып, сатууга чыгарылат.

Бул демилге өлкөдө дээрлик унутта калган төө чарбачылыгын кайра жандандырууга жана мал чарба тармагын диверсификациялоого өбөлгө түзүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button