Окуялар
Бишкекте эркек кишини мессенжерден 551 миң сомго алдоого шектелип жигит кармалды

Бишкекте эркек кишини мессенжерден 551 миң сомго алдоого шектелип 24 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБ билдирди.
2-январда милицияга кайрылган адам ага мессенжер аркылуу чалган бейтааныш киши ишенимине кирип, кант жөнөтөм деген убада менен акчасын котортуп алганын айткан. Ал 551 миң сомду алгандан кийин байланышты токтотуп, телефонун өчүрүп, жок болуп кеткен.
Милиция “Алдамчылык” боюнча иш козгоп, 24 жаштагы шектүүнү кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди.
Алдамчылыкка кабылгандар 0 779 043 407 жана 102 номерлерине байланышса болот.



