Коом

Мектептерде акча чогулткандарга айыппул төлөтүү сунушталууда

Жогорку Кеңеш мектептердеги акча чогултуулар үчүн айыппул салууну сунуштаган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Демилгечиси — депутат Миргүл Темирбаева.

Темирбаеванын айтымында, президент тарабынан тыюу салынганына карабай мектептердеги акча чогултуу уланууда. Мындан улам акча чогулткандарды эреже бузуу Кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу демилгесин көтөргөн.

Депутат Гуля Кожомкулова: «Бул мыйзам долбоору бүгүнкү күндө ансыз деле аялуу катмар болуп турган мугалимдердин абалын оордотот. Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин укугун коргошу керек», — деди.

Депутат Аманкан Кенжебаевдин айтымында, мектептерде акча чогултууга тыюу салынгандан бери техникалык, материалдык камсыздоо жагынан көйгөйлөр жаралды. Мектептерде күндүзгү коопсуздук кызматкерлери, пол жуугучтар жок болуп калды.

Жыйынтыгында, депутаттар мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Эгерде ал өтүп кетсе, анда мектепте мыйзамсыз акча чогулткандар жеке жактар 20 миң сом, юридикалык жактан 60 миң сом айыпка жыгылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button