Спорт
Үзүр Жузупбеков чейрек финалга чыкты

Спортчу грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 97 килограммга чейинки салмак ченинде катышты.
Кыргызстандык 1/8 финалдан баштап, литвалык Миндаугас Венскайтис менен беттешти. Беттеш 4:1 эсебинде Жузупбековдун пайдасына аяктап, чейрек финалга чыкты.
Анын кийинки атаандашы ирандык Мохаммадхади Сарави болмокчу.



