Коом
Бишкектин мэри район башчыларына саат 6:00дөн 23:00гө чейин иштөө тапшырмасын берди
Айбек Жунушалиев райондун жана муниципалдык инспекциялардын жетекчилерине иш күндөрү эки жолу, эртең менен саат 6:00дөн 8:30га чейин жана 21:00дөн 23:00гө чейин шаарды кыдырып, текшерүү графигин түзүүнү айткан. Буга ал өзүн да кошкон.
«Биз кеңселерде отурбашыбыз керек», – деген калаа башчысы.
Текшерүүдө жолдордун абалы, автоунаалар туура эмес токтотулган жайлар, жашыл аймактар, имараттардын бет маңдайынан көрүнүшү сыяктуу маселелер приоритетте болушу керектиги айтылды.



