Коом
Чүйдө эки заманбап откана ачылды

Чүйдүн Токмок жана Кант шаарларында газ менен иштеген заманбап жаңы отканалар ачылды. Алардын бири 150, экинчи 330 абонентти жылуулук менен камсыздайт. Учурда эки шаарда жалпы 19 откана иштеп жатат. Отканалардын ачылышына Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Ошондой эле Чүй облусундагы бир катар жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын абалы менен таанышты.



