Садыр Жапаров Кыргызстанда эмнеге казинолордун иштөөсүнө уруксат берилгенин айтты

Өлкө башчынын «Кабар» агенттигине курган маегинин урунттуу жерлери:
▪️Казиного уруксат берерибиз менен өлкөгө инвесторлор агылып келди. Ким 5 жылдыздуу мейманкана салса, лицензия беребиз деген шарт койгонбуз. Азыр ушул тапта 10го жакын 5 жылдыздуу, бир 7 жылдыздуу мейманкана салынып жатат. Бул 3 миллиарддан ашуун инвестиция кирди деген сөз
▪️Булар бүтүп ишке берилсе, 10 эсе пайда алып келет. Туристтер келип, алардан да акча калат. Кудай буюрса, мейманканалардын алды эмдиги жылы ишке бериле баштайт. 7 жылдыздуу мейманкана биздин чөлкөмдө биринчи жолу салынып жатат болуш керек
▪️Казиного лицензия берүү менен мамлекет уттурган жок. Утушта гана болду. Мен бир идея же сунуш айтсам жөндөн жөн айтпайм. Мамлекет үчүн пайдалуу келечегин көрүп туруп жасайм
▪️Бишкекте 3 казино иштеп жатат. Ушул күнгө чейин бир дагы кыргыз жараны кирген жок, кирбейт дагы. Казинону милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турушат. Эгер кыргыз жараны кирген казино аныкталып калса, анда ал дароо жабылат
▪️Биздин кыздар-балдарыбызга айтарым, кумар оюндарына кызыкпагыла! Өлкө боюнча биздин жарандардын казинолорго кирбешин көзөмөлдөөгө толук күчүбүз жетет. Кошуна өлкөгө барып кумар оюндарын ойноп келип жүргөн жарандарыбыз бар. Аларды көзөмөлдөш кыйын.



