Алимент төлөбөгөн Баткендин тургуну 2 жылга эркинен ажыратылды

Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы кабарлады.
Сот аткаруучулардын өндүрүшүндө жаран Д. С. К. дан жубайы О. Ж. Г. нын пайдасына кирешесинин 1/2 бөлүгү өлчөмүндө алимент өндүрүү тууралуу иш каралып жаткан. Текшерүүнүн жүрүшүндө карызкор 2022-жылдын декабрь айынан 2026-жылдын январына чейин такыр төлөм жүргүзбөгөнү аныкталган. Жалпы карыздын суммасы 425 801 сомду түзөт.
Карызкор алимент төлөөдөн баш тартып келгендиктен, тиешелүү материалдар соттун кароосуна жиберилген. 3-апрелде Баткен райондук соту айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, Д. С. К. сот залынан камакка алынып, 2 жылга эркиндигинен ажыратылды.
«Сот аткаруучулар кызматы ата-энелерди балдарынын алдындагы милдеттерин өз убагында аткарууга жана мыйзам бузуунун кесепети оор болорун эскертет»,-деп айтылат маалыматта.


