Дүйнө
Дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмеси жана байлыгы жарыяланды

Vuitton Moët Hennessy тобунун президенти Бернар Арно илинди. Бул тууралуу Forbes басылмасынын сайтында жазылган.
Ага ылайык, өткөн суткада ал 710 миллион долларга байып, жалпы капиталы 186,3 миллиард долларды түздү. Арно рейтингде байлыгы 186 миллиард доллар болгон Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безостон озуп кеткен.
Дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарында Tesla жана Space X компанияларын негиздеген Илон Маск дагы бар. Анын байлыгы 147,3 миллиард доллар деп бааланды.
Ошол эле учурда башка Bloomberg Billionaires Index аттуу рейтингде Amazon компаниясынын башчысы алдыңкы сапты эч кимге берген эмес. Ал эми Арно 162 миллиард доллар менен экинчи орунда турат.



