Дүйнө

Рахмон Мирзиёевди «Алтын таажы» менен сыйлады. ФОТО

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзбек лидери Шавкат Мирзиёевди I даражадагы «Зарринтадж» («Алтын таажы») ордени менен сыйлады. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин расмий сайтында  кабарланды.

 Сыйлык тапшыруу аземи кечээ, 10-июнь күнү, Душанбе шаарында өттү. Маалыматка караганда, Мирзиёев бул орденге эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакаларды бекемдегени үчүн татыган.

Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, «Алтын таажы» ордени демократиялык өзгөрүүлөргө, экономикалык реформаларга жана илим, маданият жаатындагы өсүп-өнүгүүлөргө зор салым кошкон коомдук жана саясий ишмерлерге ыйгарылат.

Эске салсак, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Душанбе шаарына 10-июнь күнү эки күндүк иш сапары менен барып, аны аэропорттон Эмомали Рахмон өзү тосуп алган. Өзбек президенти иш сапарынын алкагында өлкөнүн түндүгүнө чейин барып, Согди облусунун соода-экономикалык потенциалын талкуулай турганы айтылган болчу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button