Окуялар

Бишкекте сыра саткан үч павильон өрттөндү

Бишкектин Асанбай кичирайонундагы №24 үйдүн маңдайында жанаша жайгашкан сыра саткан үч павильон өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аянты 30 чарчы метр бир павильон толугу менен күйгөн. Жыгач устундуу темир жабылган экинчи павильондун 10 чарчы метр чатыры, ички жыгач жасалгасы өрттөнгөн.

Ошондой эле аянты 40 чарчы метр кароосуз калган үчүнчү павильон толугу менен күйгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button