Окуялар

Унаа экиге бөлүнүп кеткен. Түптөгү жол кырсык эки кишинин өмүрүн алды

Ысык-Көлдүн Түп районунда Subaru Legacy В4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жол кырсыгына кабылып, эки киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Каргаша түнкү саат 01:00дөр чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 187-чакырымында болгон.

Кырсыктын кесепетинен каза болгон 29 жана 19 жаштагы эркек кишилердин сөөгүн куткаруучулар милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Мындан сырткары, 19 жаштагы дагы бир бала жаракат алып, Тез жардам аркылуу ооруканага жеткирилген.

ӨКМ тараткан сүрөттөн айдоочу бактарды аралап кеткенин жана унаа катуу талкаланып, экиге бөлүнүп кеткенин байкоого болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button