Коом

Ифтарды тосуп, Пасханы майрамдоо үчүн жакшы белек. Кары-картаңдарга ЖАК тарабынан тамак-аш пакеттери берилди

Чүй районунун Новопокровка айылындагы №3 күчөтүлгөн режимдеги колониясында ири кайрымдуулук акциясы өттү.

КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги бул жерде жаза өтөп жаткан  улгайгандар үчүн 40тан ашык азык-түлүк пакеттерин  тапшырышты.

Ыйык Рамазан айында жана православдык Пасха майрамынын алдында өткөрүлгөн бул акция муктаж болгондорго колдоо көрсөтүү үчүн болду.

Атайын контингентке ЖАКнын Ардагерлер кеңешинин төрагасы,  Алибай Нишанбаев, ЖАКнын тарбиялык, социалдык жана психологиялык иштер боюнча башкармалыгынын башчысы, и/к  полковниги Нурдин Бердикожоев жана «Аталар балдарга» коомдук фондунун жетекчиси Игорь Лазебный катышып сөз сүйлөштү. 

Алар ЖАК тарабынан соттолгондорду социалдаштыруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер, буга чейин кандай гуманитардык иш-чаралар жүргүзүлгөнү жана түзөтүү мекемелеринде эмнелер пландалып жаткандыгы тууралуу айтып беришти.  Угуучуларды билип билбей жаза тайган учуру  жөнүндө ойлонууга чакырышты. Атасынын камкордугусуз калган үй-бүлөлөрү тууралуу эстеп таза абийир менен эртерээк аларга кайтышына тилектеш экендиктерин билдиришити.

Көрүүчүлөрдүн көңүлүн ого бетер көтөрүү максатында алардын алдында жаш төкмө акындар – Султан уулу Акматбек менен Биймырза уулу Аргендер  насаат ырларын аткарып беришти.

Мындай жандуу концертти ар ким эле эркиндикте болсо деле күнүгө көрө бербейт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button