Бабановдун тууганы КТРКнын башкы директору Бактияр Алиевге кол салдыбы?

Фейсбук колдонуучу Нурбек Исмаилов өзүнүн баракчасына Бабановдун тууганы, депутат Калдарбек Баймуратов КТРКнын азыркы башкы директору Бактияр Алиевге кол салганы тууралуу жарыя кылды.
Исмаиловдун жазганын өзгөртүүсүз берилди:
“Сыягы, алар Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өлкөнүн башкы телеканалынын оозун биротоло жапкысы келип жатышат окшойт. КТРКнын башкы директору Бактияр Алиев бүгүн парламентке отчет бергени барып, ошол жерден Бабановчулар тарабынан аз жерден сабалып кала жаздаганы белгилүү болду. Отчеттон кийин ал коридордогу ЖКнын отурум бөлмөсүнөн чыкканда, ага Өмүрбек Бабановдун жакын тууганы, депутат Калдарбек Баймуратов сабап жиберчүдөй болуп жулунуп ага кол салган.
Убагында КТРК деле Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турганда, депутаттык креслодо отурганда далай эле көрсөтүп, интервьюларын чыгарып турган. Эми Бабановдун былыгы чыгып калса эле жаап-жашыра бериш керек эмес. Албетте, азыр коррупцияга шектелип кармалгандардын жактоочулары, туугандары аларды сүттөн ак кылып, айга-күнгө теңеп жатышат. Бирок факты деген факт! Силер ошол фактыны көрсөтүп жатасыңар деп журналисттерге, ММК булактарына кол салууга, акаарат айтууга эч кимдин акысы жок, мыйзам да жол бербейт!
Бул Баймуратов деген мурдагы президент Курманбек Бакиевдин таекеси болот экен. Ошол эле учурда Өмүрбек Бабановдун да жездеси, Кынабүбү деген эжесинин күйөөсү болот. Ошондуктан ушунчалык агрессивдүү болуп кыйкырып жаткан кербези экен да.
Бирок, азыркы тапта баардык далилдер көрсөтүп жатат, азыркы камалгандардын канчалык күнөөсү бар экени байма-бай фактылар менен айтылып жатат.
Ал эми учурда Бабановдун адвокаты дагы КТРКны сотко берем деп коркутуп жатат. Бабановдун жактоочулары буга чейин КТРКнын Байкоочу кеңешине телеканалдын үстүнөн арызданууга да жетишкен.
Ошол эле учурда Бабановдун жалындуу колдоочулары мамлекеттик каналга каршы диверсиялык иш-аракеттерди жүргүзүп жатышат. , ЖМКлардан акы төлөнүүчү макалаларга буйрутма берип, митингге чыккандарга акча төлөгөн маалыматтар да бар. КТРК укмуш деп айта албайм, бирок коррупционерлердин аты жөнүн атаса эле жакындарына жакпай айрымдардын кучунасы курушчу болду.
Бабановдун убагында “Кумтөрдү” кантип коргогон видеолорун көрүп жатабыз. Улам бир кармалган коррупционерди “элдин уулу” дей берсек, анда биз качан оңолобуз?
Коррупционер, элдин ырыскысын жегендердин ордун ТҮРМӨДӨ!” – деп жазды Исмаилов.
Буга ар кандай пикирлер жазылып, айрымдары Бабановду колдосо, кээ бирлери КТРКнын жетекчисин колдоп, эки тараптуу кайым айтышуулар уланууда.



