Дүйнө

Коронавирус. Казакстанда бир суткада 6925 киши жугузуп, 92 бейтап көз жумду

Казакстанда өткөн суткада коронавирус жугузуп алгандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Sputnik Казакстан агенттигинин жазганына караганда, акыркы 24 саат ичинде коңшу өлкөдө 6 925 адамдан вирус аныкталып, 92 адам көз жумду.

Жуктургандардын көбү Алматы жана Нур-Султан шаарында катталууда.

«Бир нече күн мурда сутка ичинде каза болгондордун саны 110го жеткен. Ушул тапта өлкө боюнча коронавирустан көз жумгандардын саны 5 619га, пневмония өмүрүн алгандардын саны 3 660ка чукулдады», — деп айтылат кабарда.

Ооруканада жаткандардын ичинен 1,5 миң киши оор абалда болсо, 319у өтө оор абалда. Ал эми 160 бейтап өпкөнү жасалма жол менен дем алдыруу аппаратында жатат. 

Өлкө бийлиги 2-августтан тарта Нур-Султан, Алматы, Шымкент, Караганда жана Атырау шаарларында карантиндик чараларды күчөтүүнү пландап жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button