Окуялар
Бишкекте жарылуучу заттан жаракат алган 11 жана 10 жаштагы балдардын абалы белгилүү болду

Бишкекте Ала-Арча суусунда 11 жана 10 жаштагы балдар колдо жасалган жарылуучу затты жардырып, жаракат алышкан. Бүгүнкү күндө балдар амбулатордук дарыланууда. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.
«25-августта балдар орто оор абалда «Тез жардам» кызматы аркылуу №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Балдардын ата-энелери ооруканага жаткыруудан баш тартышкан. Бейтаптардын абалдары туруктуу», — дешти мекемеден.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2010-жылы туулган С.А. жана 2011-жылы туулган К.Н. аттуу балдар жарылуучу затты жардырып, жабыркаганы тууралуу маалымат берген.


