Окуялар

Чүй облусунда милиция кызматкерлери кыз ала качып бараткандарды кармашты. ФОТО

“Сосновка” стационардык постунда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери бүгүн, 23-сентябрда болжол менен саат 07:30дар чамасында кыз ала качууга бөгөт коюшту.

ЖКККБнын басма сөз кызматы билдиргендей, болжол менен 06:00дөр чамасында Чүй облустук бардык милиция кызматкерлерине “Ак-Ордо-3” конушунан 2001-жылы туулган кызды белгисиз жактар Ауди унаасы менен ала качып кетишкени боюнча багыттамалар берилген.

Чүй облусу боюнча «Перехват» планы киргизилгенден кийин, «Авто издөө» рейддик иш-чарасынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери «Сосновка» стационардык постунда кызмат өтөп жатып, Ауди үлгүсүндөгү унааны байкап калышкан.

Кызматкерлер унаа токтотуп, ичиндеги жигит менен жаш кызды сурашканда кызды никеге туруу үчүн Токтогулга ала качып бара жатканы белгилүү болгон.

Учурда 1998-жылы туулган жигит мындан ары териштирүү үчүн Сокулук райондук тергөө кызматына жеткирилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button