Коом

Социалдык жардамдын катышуучуларына 3,15 млн сом жеңилдетилген кредит берилди

2024-жылдын 3-октябрына карата «Социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз кредит берүү» долбоордун алкагында республиканын 17 каржылоо субъекттерине 3,15 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген.

Финансы министрлигинин маалыматына караганда, социалдык жардамдын катышуучуларына алардын ишкердик демилгелерин андан ары өнүктүрүү үчүн социалдык контракттын негизинде пайызсыз кредит түрүндөгү финансылык колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-июлундагы №390-т тескемеси менен “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз кредит берүү программасы» долбоору бекитилген.

Программанын максаты социалдык контракттын катышуучуларына кошумча жеңилдетилген ресурстарды берүү, тактап айтканда социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын алкагында мурда алынган каражаттар менен уюштурулган бизнести же көмөкчү чарбаны кеңейтүү, колдоо үчүн пайызсыз кредиттерди берүү болуп саналат.

Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 2024-жылга 200,0 млн. сом суммасын түзүүдө. 2024-жылдын 3-октябрына карата бул долбоордун алкагында республиканын 17 каржылоо субъекттерине 3,15 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button