Коом
Кытайдан Бишкекке психотроптук заттарды алып келген шектүү кармалды

Кытайдан Кыргызстанга психотроптук заттарды жана прекурсорлорду алып келип, интернет-дүкөн аркылуу сатууну көздөгөн киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи билдирди.
Маалыматка караганда, шектүү синтетикалык баңгизаттарды даярдап сатууну дагы көздөгөн.
«Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Курманжан датка көчөсүнөн 36 жаштагы А.Э. кармалды. Тинтүү учурунда жанынан туз кислотасы жана баңгизат жасоодо колдонулуучу прекурсорлор табылды. Мындай заттардын жалпы салмагы 69,9 килограммды түздү», — деп айтылат маалыматта.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 284-беренеси (Прекурсорлорду мыйзамсыз жасоо) менен кылмыш иши козголуп, шектүүнүн шериктерин аныктоо боюнча иш жүргүзүлүүдө.



