Коом

Бишкектин айрым райондорунда 3 күн бою газ болбойт

13-15-декабрь аралыгында Бишкектин кээ бир аймактарында газ жок болот. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, бул күндөрү 1971-жылы эксплуатацияга берилген эски газ түтүгү оңдолот. Компаниянын кызматкерлери Карагай жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы орто басымдагы өткөргүчтөн газдын сызылып чыгуусун токтотушат.

Буга байланыштуу Тоголок Молдо, Саадаев, Ала-Арча дарыясы, ЧЧК, Көлмө конушу, Салам-Алик, Щербаков көчөлөрүнүн чектешкен аймактарында көгүлтүр от берүү үзгүлтүккө учурайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button