Коом
Депутаттар автоунааларды милдеттүү түрдө техосмотрдан өткөрүүнү кайра киргизүүгө кызыкдар

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Камила Талиева автоунааларды милдеттүү түрдө техосмотрдан өткөрүүнү жокко чыгаруу чечими популисттик чечим болуп калганын белгиледи.
Анын сөзүн колдоого алган депутат Жумабек Салымбеков: «Автоунааларды техосмотрдан өткөрүү туура эмес болуп калган. Өлкөдө машиналар кандай абалда экенин эч ким билбейт. Дөңгөлөктөрдүн жарактуу мөөнөттү өттү, машинанын техникалык абалы кандай, кимдир бирөө билеби?» — деди.
Аталган комитет таксини милдеттүү түрдө лицензиялоо боюнча мыйзам долбоорун карап жатат.
Эске салсак, машиналарды милдеттүү түрдө техосмотрдан өткөрүү Кыргызстанда 2012-жылы жокко чыгарылган.



