Саясат

Саясатчы Равшан Жээнбеков абактан бошотулду

Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков эркиндикке чыкты.

Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, өткөн аптада Биринчи май райондук соту Жээнбековду тергөө абагында кармоо тууралуу бөгөт чарасын узарткан эмес. Мындай чечим быйыл декабрда күчүнө кирген Жазык-процессуалдык кодексине ылайык кабыл алынган.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган. Бирок «үй камагынын талаптарын бузду» деген негизде быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алынган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button