Коом

Ошто сел кесепеттерин жоюуга 500дөн ашуун адам, 80ден ашуун техника тартылды

Ош облусунда сел кесепеттерин жоюуга 500дөн ашуун адам, 80ден ашуун техника тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, облус аймагында 20-21-апрелде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүргөн. Селдин кесепетинен 1 адам каза болуп, үйлөрдү суу каптап, унаа жолдор жабылган.

Учурда селдин кесепеттерин жоюуга 508 адам, 82 техника тартылып, жеринде иш алып барууда.

Эскерте кетсек, сел кесепеттерин жоюу, кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу үчүн президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү 21-апрелде облус аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button