КоомОкуялар

Кылмыштуу топтун мүчөсү Коен кайрадан бошотулду

Милиция 6-ирет кармаган Майрамбек Низамовду Ош шаардык соту үй камагына алуу бөгөт чарасын тандаган. Облустук соттун маалымат кызматы аталган чечим шектүүнүн туруктуу жашаган жери болгонуна, оор эмес кылмыш жасаганына, жабырлануучу менен элдешип алганына жана мурда сот жообуна тартылбагандыгына негизделгенин билдирди. 

Бирок Ош ШИИБи буга чейин Коен 4 жолу соттолгонун айткан. Былтыр октябрда 60 iPhone телефонунун коробкасына болт салып коюп алдап кеткенде колго түшкөн. Бирок сот анда да үй камагына бошоткон. Андан кийин да Коен тынч отуруп калбай, жогорудагы ыкма менен күрөөкананы 50 миң сомго алдап кеткенде кармалган болчу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button