
Бүгүн Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Көк-Арт өрөөнүндөгү жаштар чогулуп, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди колдоо максатында элге видео кайрылуу жасашты.
Видеодо чогулган жаштар азыркы Президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин бир жыл ичинде аткарган иштерине баа берип, кыргыз элин аларды колдоого чакырган.
“Акыркы учурда биздин башчыларыбызга карата атайын каралоо иштери жүрүп жатат, антип элге жаман көрсөткүсү келгендердин бузук ойлоруна ишенбей, Кыргызстандын келечеги үчүн жан үрөп иштеп жаткандарга ар бир жигит, ар бир жаран жардам көрсөтүшүбүз керек, Кыргызстан өнүгүп, өссүн!”- дешти чогулган жаштар бир ооздон.
Видеону толук бул жерден көрө аласыздар:



